2019-жылдын 5-10 АВГУСТУНДа ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “КР БЮДЖЕТТИК УЮМДАРЫ ҮЧҮн 1С:ИШКАНА” ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУТУУ КУРСУ БОЛУП ӨТТҮ

2019-жылдын 5-10 АВГУСТУНДа ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “КР БЮДЖЕТТИК УЮМДАРЫ ҮЧҮн 1С:ИШКАНА” ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУТУУ КУРСУ БОЛУП ӨТТҮ

2019-жылдын 5-августунан 10 августуна чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун (Жалал-Абад шаарындагы филиалынын) базасында Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  финансистери жана бухгалтерлери үчүн “КР бюджеттик уюмдары үчүн 1С:Ишкана” темасындагы окутуу курсу  болду.

Окууга Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынан, ошондой эле Жалал-Абад областынын Сузак, Ноокен, Ала-Бука райондорунан бардыгы болуп 41 кишиден (4 группа) турган финансы-экономикалык кызматкерлер катышышты.

 КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгынын 8 кызматкери дагы “1С: Ишкана” темасындагы курска катышуу менен кесиптик билимдерин жогорулатууга жетишти.  

Сабакты жогорку квалификациялуу окутуучу-практик Абдышева Рахат Турдукуловна өттү, ал 1С программасы менен алдыңкы мамлекеттик жана жеке уюмдарда иштейт.

Курстун угуучулары программанын негизги түшүнүктөрүн жана анын  маалыматтык базасын баштапкы толтуруусун, уюм жөнүндөгү негизги маалыматтарын, каржылоо булактарынын справочнигин, киреше-чыгаша сметасынын аткарылыш эсебин, кассалык операциялардын эсебин, кассалык китепти, номенклатураны эсепке алуу эсебин ж.б. өздөштүрүштү.

  Окуу курсунун жыйынтыгы менен угуучуларга сертификат тапшырылды.