Кыргызстандын бюджеттик мекемелери үчүн бухгалтердик каттоо
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун демилгеси боюнча Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунун негизинде эл аралык сатып алууларды башкаруу боюнча окуу модулу иштелип чыкты. Иштелип чыккан модулду колдонуу менен бул окуу курсун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 4-мартынан 11-мартына чейин Бишкек шаарында (Парк отелде) “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы пилоттук тренинг өткөрүлдү жана ага ар кандай ведомстволордон: Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн сатып алуулар боюнча ишти жаңы баштаган адистери, бюджеттик уюмдардын, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, Кыргыз Техникалык Университетинин студенттери жана окутуучулары болуп, жалпысынан 45 угуучу катышты. Тренинг офлайн форматында өтүп, төмөнкүдөй темалар каралды:
- Инвестициялык долбоорлордун каржылоосунун алкагында, карыз алуучулар үчүн сатып алуулардын тартиби;
- Өнүгүү үчүн сатып алуулар долбоорлорунун стратегиясы;
- Курулуш жумуштарын сатып алуудагы долбоорлук цикл. Курулуш жумуштарындагы консультанттардын орду;
- Курулуш жумуштарындагы берүүчүлөрдүн орду; Курулуш ишиндеги контракттын типтери;
- Сатып алуу ишиндеги катышуучулардын квалификациясы. Алдын ала жана кийинки квалификация (пост-квалификация), алгачкы тандап алуу. Алдын ала тандап алуу үчүн стандарттуу документ;
- Чакан иштерге конкурстук өтүнмөлөрдү берүүгө карата банктын документтери (бир жана эки конверт менен варианттары). Катышуучуларга нускамалар жана формалар; Контракттын шарттары;
- Товарларды сатып алуу. Конкурстук документтерди иштеп чыгуу. Сунуштарды баалоонун стандарттуу системасы;
- Сунуштарды баалоонун балдык-рейтингдик системасы;
- Даттануулар механизми жана тыныгуу мезгили;
- Дүйнөлүк банктын долбоорлорун каржылоочу долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын сатып алуулар боюнча мыйзамын колдонуу менен сатып алуулар;
- Консультациялык кызмат көрсөтүүнү сатып алуу үчун ыкманы тандоо. Сунуштарды баалоо жана консультантты тандап алуу. Консультантты тандап алуу жана техникалык тапшырмалар, тандап алуу критерийлери боюнча практикалык тапшырмалар;
- Контрактты башкаруунун негизги принциптери.
Тренингди мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы эл аралык эксперт-консультанттар: Шокин Вячеслав, Гончарова Ирина, Кокарева Лариса, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча улуттук эксперттер - КР ФМ Окуу борборунун окутуучулары: Абдымомунова С.Р., Мамбеткулова А.Ж., Уланбек уулу Дастан, Джумабаев Д.Э., Сулайманбекова Н.С., Бердигулов А., Искендер Н. и Осмонкулова А.Б. өткөрүштү.
Тренингдин жүрүшүндө эл аралык жана улуттук эксперттер мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы теориялык билимдери жана топтолгон тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
2024-жылдын экинчи жарымында бул окуу курсу КР ФМ Окуу борбору тарабынан окутула баштайт жана угуучулар мамлекеттик сатып алуулар процесстерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн эл аралык контекстинде сатып алуулар боюнча билимдерин, компетенцияларын жана жөндөмдөрүн жогорулатышат.