Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2024-жылдын 4-мартынан 6-мартына чейин «Демилгелүү бюджеттөө» деген темада кошумча кесиптик квалификацияны жогорулатуу программас

 

«Демилгелүү бюджеттөө» темасындагы инновациялык тренингге Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын акимдери, акимдердин орун басарлары, мэрлери жана вице-мэрлери катышышты.

Тренинг офлайн режимде жүргүзүлүп, төмөнкү негизги темаларды камтыды:

  • Бюджеттик чечимдерди кабыл алууга жарандык катышуу: теория жана практика;
  • Демилгелүү бюджеттөөнү түзүү боюнча консультациялык колдоо;
  • Модерациянын негиздери;
  • Жарандар менен диалогду модерациялоо;
  • Демилгелүү бюджеттөө жөнүндө жарандарды маалымдоо.

Бул тренингди, эл аралык эксперттер – Россия Федерациясынын Финансы министрлигине караштуу Илимий изилдөө финансы институту (мындан ары – РФ ФМ караштуу ИИФИ) кызматкерлери Вагин Владимир Владимирович, философия илимдеринин кандидаты, РФ ФМ караштуу ИИФИнин демилгелүү бюджеттик борборунун жетекчиси, Газизов Вячеслав Закиевич, Россия Федерациясынын Финансы министрлигине караштуу НИФИнин Демилгелүү бюджеттөө борборунун кенже илимий кызматкери, Шевелев Михаил Анатольевич,  «Демилгелүү бюджеттөө консультанттарынын альянсы» коомдук уюмунун башкармалыгынын төрагасы жана Наталья Арнольдовна Шаповалова, Демилгелүү бюджеттөө борборунун ага илимий кызматкерлери өткөрүштү.

Эл аралык эксперттер бюджеттик каражаттарды сарптоо багыттарын аныктоо жана тандоо аркылуу жергиликтүү маселелерди чечүүгө жарандарды тартууга багытталган демилгелүү бюджеттөөнү түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып, ошондой эле өзүлөрүнүн топтолгон практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул иш-чара региондук жетекчилердин квалификациясын жогорулатууда маанилүү кадам болуп, Кыргызстанда демилгелүү бюджеттөөнү өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизди.

«Кыргызстан Республикасында демилгелүү бюджеттөөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери» деген панелдик тема талкуу бул тренингдин жыйынтыктоочу этабы болуп, анда негизги маселелерди талкуулоого облустардын жетекчилери активдүү катышышты.

Тренингдин 32 катышуучусуна, кошумча кесиптик квалификацияны жогорулатуу программасын ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.