Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн адистештирилген курс өткөрүлдү

Мамлекеттик сатып алуулар системасынын катышуучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында, 2024-жылдын 04-мартынан 06-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн “Электрондук мамлекеттик сатып алууларга сунуштарды берүү жана катышуунун эрежелери” темасында адистештирилген окуу курсу оффлайн режимде өткөрүлдү.

Бул окуу курсунда төмөнкү темалар боюнча түшүндүрмөлөр берилди:

  • Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы мыйзамдар: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамы жана Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүүнүн тартиби;
  • Сатып алууларга катышууга сунуштарды даярдоо: товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар боюнча;
  • Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында иштөө (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында берүүчүлөрдү каттоо механизмдери; кулактандырууларды издөө; сатып алуулар жөнүндө маалыматтар ; сатып алуу жөнүндө документтерди кароо; сатып алуу жөнүндө документтер боюнча суроолор жана түшүндүрмөлөр);
  • Сунуштарды даярдоо процесси;
  • Сатып алуулар жол-жоболорунун катышуучуларына талаптар (берүүчүлөрдүн квалификациясы; контракттын жалпы жана негизги шарттары; сунуштарды берүү; КАКК; сатып алуу келишиминин долбоору).

Тренингди, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери Базакеева Жылдыз Жаманчаевна алып барды. Окуу курсуна 21  кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты.