ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДА 2024-ЖЫЛДЫН 26-ФЕВРАЛЫНАН 1-МАРТЫНА ЧЕЙИН "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ". ТЕМАСЫНДАГЫ СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Сатып алуучу уюмдардын адистеринин потенциалын жогорулатуу максатында, КР ФМ Окуу борбору Таш-Көмүр шаарында  мамлекеттик сатып алуулар боюнча базалык окуу курсун уюштурду. Бул базалык окуу курсу сатып алууларды уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча жаңы иштей баштаган жана тажрыйбалуу адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Курстун катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды канааттандыруу, сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жөнгө салуучу иштеп жаткан мыйзамдар боюнча актуалдуу билимге ээ болушууда. Лекциялардан кийин, угуучулар үчүн эки күн практикалык сабактар өткөрүлөт, анда алар топторго бөлүнүп, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышат, Мамлекеттик сатып алуулардын тесттик порталында конкурстук документтерди түзүүнү жана жарыялоону үйрөнүшөт.