Жакында “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы жаңы окуу курсу КР ФМ Окуу борборунда окутула баштайт

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан эл аралык сатып алуу процесстерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн окуу курсунун катышуучуларына, сатып алуулар боюнча адистерге керектүү билимдерди, жөндөмдүүлүктөрдү жана компетенцияларды камсыз кыла турган эл аралык сатып алууларды башкаруу боюнча жаңы окуу курсу киргизилүүдө.  Бул окуу курсу эл аралык сатып алуулар тармагында билим алууну каалаган баардык угуучулар үчүн жеткиликтүү болот.

Окуу курсунун максаты:

  • Сатып алуу процесстерин тескөөчү эл аралык эрежелердин жана ченемдердин негиздерин окуу курсунунун катышуучуларына түшүндүрүү;
  • Эл аралык сатып алуулар менен байланышкан ар кандай тобокелдиктеди башкарууну жана баалоону окутуу;
  • Контракты башкаруунун негиздерин, анын түзүлүшүн, негизги элементтерин жана укуктук аспектилерин үйрөтүү.

Азыркы мезгилде КР ФМ Окуу борбору тренерлер үчүн тренингде (ТоТ) окуп жатышкан окутуучулардын арасынан эксперттер командасын даярдап жана Дүйнөлүк банктын эксперттеринин иштеп чыкккан окуу модулдарын кабыл алып жатат.  Бул окуу курсун бир жылда эки жолу өткөрүү пландалууда. “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы окуу курсунан окугандар эл аралык финансылык институттарда сатып алуулар боюнча адис болуп иштей алышат.