КР ФМ Окуу борборунун (окутуучулары) тренерлери үчүн тренингди (ТоТ) эл аралык сатып алуулар жаатындагы эксперттер Вячеслав Шокин жана Ирина Гончарова өткөрүп жатышат

2024-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин  “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы тренерлер үчүн тренингде  (ТоТ)  эл аралык сатып алуулар жаатындагы мыкты практиктердин мисалдары жана ийгиликтүү кейстер, жана дагы алардын реалдуу кырдаалдагы колдонулушу каралат.  Тренерлер үчүн тренингдин  (ТоТ)  максаты эл аралык сатып алуулар жаатындагы кесипкөй адистерди окутууга жана натыйжалуу билимдерди камсыз кылууга жөндөмдүү жогорку квалифициялуу окутуучуларды даярдоо болуп саналат.

Тренерлер үчүн тренингден кийин “Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы пилоттук окуу курсу  Кыргыз Республикасындагы министрликтердин жана ведомстволордун Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн (ДИБ) өкүлдөрү үчүн өткөрүү пландалууда. Пилоттук окуу курсунун лекторлору тренерлер үчүн тренингдин (ТоТ) жыйынтыгы менен тандалган КР ФМ Окуу борборунун окутуучулары болушат.                     

“Эл аралык сатып алууларды башкаруу” темасындагы жаңы окуу курсу КР ФМ Окуу борборунун Прейскурантына киргизилет жана баардык каалоочулар бул окуу курсунда окуй алышат.