КР ФМ ОКУУ БОРБОРУ 2019 – 2020-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ТӨМӨНКҮДӨЙ КУРСТАРДЫ ОКУТУУ ҮЧҮН ОКУТУУЧУЛАРДЫ ТАНДОО БОЮНЧА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

КР ФМ ОКУУ БОРБОРУ 2019 – 2020-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ТӨМӨНКҮДӨЙ КУРСТАРДЫ ОКУТУУ ҮЧҮН ОКУТУУЧУЛАРДЫ ТАНДОО БОЮНЧА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору

окутуучуларды тандоо боюнча 2019-2020-жылга карата төмөнкүдөй курстарды окутуу үчүн конкурс жарыялайт:

  1. Мамлекеттик сатып алууларды - 20
  2. Мамлекеттик секторлордогу бухгалтериялык эсеп жана отчеттуулук – 3
  3. Бюджеттик  мекемелердин жетекчилери үчүн бухгалтердик эсептин негиздери– 3
  4. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу– 4
  5. Бюджеттик  мекемелер үчүн 1С: Ишкана– 2
  6. Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруу – 3
  7. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун башкаруу – 4
  8. “Бюджеттик мекемелердин финансистери жана бухгалтерлери үчүн Google таблицалар - 2
  9. Программалык бюджеттөө – 2
  10. Дем берүүчү гранттар – 2

 

Окутуучуларга коюлуучу талаптар:

а) жогорку билими;

б) окутуучу курстун багыты боюнча 3 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы ;

в) 3 жылдан кем эмес окутуу тажрыйбасы;

д) кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүүсү

Конкурска катышуу үчүн төмөкүдөй документтерди берүүсү керек:

  1. КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун директорунун наамына жазылган арыз;
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Таржымал (Резюме);
  4. Билими, илимий наамы, илимий  даражасы тууралуу документтердин  көчүрмөлөрү;
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  6. Басмадан чыккан эмгектеринин, илимий макалаларынын, окуу-усулдук колдонмолорунун, китептеринин тизмеси;
  7. Патенттин көчүрмөсү (эгерде бар болсо).

Коюлган талаптарга жооп бербеген документтер жана маалыматтар менен келген жарандар конкурска катыша алышпайт.  

Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочулар зарыл болгон документтерин  А4 форматындагы конвертке салып, чапталган түрдө КР ФМ Окуу борборунун “Конкурстук комиссиясына” даректеп, конкурс жарыялангандан баштап 20 күн ичине  жөнөтүшү зарыл жана төмөнкү дарек боюнча каттоодон өткөрүшү керек:   720040, Бишкек, ш. Эркиндик б.58А, КР ФМ Окуу борбору, 6-кабат.

Сурап билүү үчүн телефон: 66 16 38; 62 58 78