"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун окутуучулары эл аралык контракттарды башкаруу боюнча тренингде өз тажрыйбаларын жогорулатып жатышат"

29-январдан 1-февралга чейин 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу Борборунун мамлекеттик сатып алуулар жаатында адистешкен окутуучулары "Эл аралык контракттарды башкаруу" темасындагы тренингге активдүү катышып жатышат. Бул иш-чара Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, сатып алуулар боюнча адистердин квалификациясын системалуу түрдө жогорулатууга багытталган.

Тренинг эл аралык сатып алуулар жаатындагы алдыңкы эл аралык эксперттер Вячеслав Шокин жана Ирина Гончарованын катышуусу менен өткөрүлүп жатат. Алар өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасы жана контракттарды башкаруу чөйрөсүндө актуалдуу билимдери менен бөлүшүшөт.

Тренингде каралган негизги темалар келишимдерди натыйжалуу башкарууга жана бул жаатка мыкты иш тажрыйбаларды киргизүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерди камтыйт.

Бул тренинг Окуу борборунун окутуучуларына интерактивдүү сессияларга жана дискуссияларга катышуу аркылуу билимин тереңдетүүгө, контрактты башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана тажрыйбасын байытууга чоң мүмкүнчүлүк берет.