2023-жылдын 20-22 декабрында КР ФМ Окуу борборунда «Эл аралык финансы институттарынын жол-жоболору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» темасында окуу курсу өткөрүлдү.

2023-жылдын 20-декабрынан 22-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда министрликтердин, мамлекеттик ишканалардын адистери жана акционердик коомдордун өкүлдөрү үчүн «Эл аралык финансы институттарынын жол-жоболору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» темасында, төмөнкү темаларды ичине камтыган офлайн форматтагы 3 күндүк (24 саат көлөмүндөгү) адистештирилген окуу курсу өткөрүлдү:

Эл аралык финансы институттарынын жол-жоболору боюнча консультациялык

 кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жалпы принциптери жана жоболору;

• Кызыкчылык билдирүүнү талап кылуу;

• Сунуштарга суроо-талапты түзүү;

• Сатып алуу документтеринин мазмуну;

• Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жарыялоо;

• Сунуштарды баалоо;

• Сүйлөшүүлөр жана келишим түзүү.

Тренингди, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы эл аралык эксперт, сатып алуулар боюнча ченемдик укуктук актыларды жана окуу модулдарын иштеп чыгуучу, КР ФМ Окуу борборунун окутуучусу Молдокулов Канат Айдарканович өткөрдү.

Бул тренинге 12 киши катышты.