2023-жылдын 11-декабрынан 15-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда "Ички аудитордун квалификациялык сертификатын тастыктоо үчүн окуу курсу" өткөрүлүүдө

2023-жылдын 11-декабрынан 15-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда министрликтердин жана ведомстволордун ички аудиторлору үчүн "Ички аудитордун квалификациялык сертификатын тастыктоо үчүн окуу курсу" темасында төмөнкү темаларды ичине камтыган онлайн форматта тренинг өткөрүлүүдө:

  • Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;
  • Ички аудиттин стандарттары: Аудитордук тапшырманы пландаштыруу. Тапшырманы аткаруу. Жыйынтыктарды маалымдоо. Аудиттин жыйынтыгы боюнча иш-аракеттерге байкоо жүргүзүү. Ички аудит объектисинин жетекчиси кабыл алган тобокелдикти кароо;
  • Ички контроль;
  • Мамлекеттик кызматкердин этикасы;
  • Мамлекеттик сатып алуулар. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр.

Тренингди КР ФМ Окуу борборунун окутуучулары Асаналиева Кундуз Бекташовна жана Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна өткөрүп жатышат.

Тренингдин жүрүшүндө окутуучу К.Б.Асаналиева тарабынан «Төлөө» 1916-ж. тасмасынан үзүндү көрсөтүлдү. Анда, аудитор акча каражаттарын адалдоо боюнча алдамчылык фактыларын ачкандыгы белгиленет. Ички аудиторлор практикалык тажрыйбасын байытуу максатында, ачыкталган алдамчылык фактылары боюнча талкуу жүргүзүштү.