в Учебном центре МФ КР был проведен специализированный обучающий курс на тему: «Особености закупки работ» для специалистов бюджетных организаций.

2023-жылдын 29-ноябрынан 30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда бюджеттик мекемелердин мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүчү адистери үчүн "Жумуштарды сатып алуунун өзгөчөлүктөрү" темасында, төмөнкү темаларды ичине камтыган офлайн форматтагы 2 күндүк (16 саат көлөмүндөгү) адистештирилген окуу курсу өткөрүлдү:

  • Жумуштарды сатып алууну пландаштыруу үчүн өзгөчө талаптар;
  • Каржылоо булактарын жана көлөмүн аныктоо;
  • Сатып алуу ыкмасын тандоо жана негиздөө;
  • Учурдагы оңдоолорду жана капиталдык курулуштарды сатып алууну пландаштыруу;
  • Жумуштарды сатып алуу боюнча документтер (квалификациялык талаптар ж.б.);
  • Жумуштарды сатып алуу жол-жоболору (кулактандырууну жарыялоо, кулактандырууну ачуу, сунуштарды баалоо, жеңүүчүнү тандоо, келишимге кол коюу);
  • Контрактты башкаруу. Смарт келишим;
  • Контракттын банктык колдоосу.

Тренингди, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы эксперт жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы окуу модулдарды иштеп чыккан Уланбек уулу Дастанбек  жана КР ФМ Окуу борборунун окутуучусу Джумабаев Дайыр Эсенгулович өткөрүштү.

Бул тренинге 15 киши катышты.