Кыргызстандын бюджеттик мекемелери үчүн бухгалтердик каттоо
2023-жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда бюджеттик мекемелердин жетекчилери жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүчү адистери үчүн "Туруктуу (жашыл) сатып алуулар" темасында, төмөнкү темаларды ичине камтыган офлайн форматтагы 2 күндүк (16 саат көлөмүндөгү) адистештирилген окуу курсу өткөрүлдү:
- Туруктуу сатып алуулардын концепциясы жана принциптери;
- Туруктуу сатып алууларды ишке ашыруудагы негизги тоскоолдуктар;
- Кыргыз Республикасында туруктуу сатып алуулар;
- Туруктуу сатып алуу принциптерин колдонуу.
Тренингди, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы эксперт жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы окуу модулдарды иштеп чыккан КР ФМ Окуу борборунун окутуучусу Уланбек уулу Дастанбек өткөрдү.
Бул тренингге 15 киши катышты.