КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА "МАМЛЕКЕТТИК ИНВЕСТИЦИЯЛАР ДОЛБООРУН БАШКАРУУ" ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

КР ФМ Окуу борборунда 2023-жылдын 6-декабрынан 8-декабрына чейин  "Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруу" темасындагы үч күндүк окуу курсу болуп өттү. Окутууну өткөрүү үчүн: КР ФМ Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Акжолов Нурбек Акжолович жана Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) и Европа биримдиги (ЕБ) каржылаган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эксперт – консультант Кубатбекова Чолпон Жанабиловна тартылган.

Тренингдин максаты мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруу жана ишке ашыруучу боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин компетенциясын жана потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Курстун программасында төмөнкүдөй темалар камтылды: “Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашыруу”, ”Инвестициялар түшүнүгү, инвестицияларды классификациялоо, бюджеттин түзүмүндөгү көлөм жана Кыргыз Республикасында реалдуу секторду өнүктүрүүдө мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун ролу”, “Мамлекеттик инвестициялар чөйрөсүндөгү ченемдик – укуктук база” ж. б.