2023-жылдын 4-декабрынан 8-декабрына чейин Талас облусунун Бакай-Ата районунда Финансы министрлинин Окуу борбору

2023-жылдын 4-декабрынан 8-декабрына чейин Талас облусунун Бакай-Ата районунда Финансы министрлинин Окуу борбору "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында көчмө курсун өткөрдү.

Жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн потенциалын жогорулатуу максатында, Бакай-Ата районунда "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" боюнча базалык окуу курсу өткөрүлдү. Бул окуу курсу баштоочу/жаңыдан иштей баштаган жана тажрыйбалуу адистердин сатып алууларды уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча билимдерин жогорулатууга багытталган.

Базалык окуу курсунун максаты: мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жөнгө салууда колдонуулуучу мыйзамдар жаатындагы актуалдуу билимдерге ээ кылуу жана сатып алууларды ишке ашыруунун колдонуу практикасын үйрөтүү. Лекциялык сабактардан тышкары, эки күндүн ичинде угуучуларга практикалык сабактар өткөрүлөт жана теориялык материалдардан алган билимдери бекемделет.