ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНЫН 7 АДИСИ ОКУУ БОРБОРУНАН КЕСИПТИК БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫП КЕТИШТИ

2023-жылдын 15-ноябрынан 16-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 7 угуучу үчүн дем берүүчү гранттар боюнча окуу курсу өткөрүлдү. Окутуучулардын командасы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Касымов Болотбек Замирбекович жана бөлүмдүн башкы адиси Акматов Тахир Суйдунбекович бул окуу курсунда лекция окушуп, практикалык сабактарды өткөрүштү.

Окуу курсуна Кыргызстандын айыл аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга басым жасоо менен дем берүүчү гранттарга өтүнмөлөрдү даярдоонун негизги аспектилери камтылды. Өтүнмөлөрдү берүүдө автоматташтырылган процедураларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Угуучулар фундаменталдык билимге гана ээ болбостон, өз ишинде дароо колдоно турган практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Окуу аяктагандан кийин, аларга дем берүүчү гранттар боюнча квалификациясын жогорулатууну ырастаган Окуу борборунун сертификаттары тапшырылды.

Окуу курсунун Жалал-Абад облусунун адистерине өткөрүлүшү бул темага өлкөнүн ар кайсы аймактарында кенен кызыгуу бар экенин дагы бир жолу далилдеп койду. Мындагы билим жана тажрыйба алмашуу социалдык-экономикалык өнүгүү чөйрөсүндө активдүү өз ара аракеттенүү жана колдоо үчүн жагымдуу чөйрө түзө алды.