2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда “Сатып алууларды пландоо” темасындагы адистештирилген окуу курсу өткөрүлдү

2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда “Сатып алууларды пландоо” темасындагы адистештирилген окуу курсу өткөрүлдү.

Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында, 2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда “Сатып алууларды пландоо” темасында офлайн форматтагы адистештирилген курс өткөрдү. Аталган курста төмөнкү темалар каралды:

• Сатып алуу циклиндеги пландоо;

• Пландоо функциялары;

• Пландоонун негизги маселелери;

• Пландоо этаптары (муктаждыктарды аныктоо, сатып алынуучу продукциянын спецификациясын жана шайкештик көрсөткүчтөрүн аныктоо, берүүчүлөр рыногуна байкоо жүргүзүү, сатып алуулардын планын түзүү, порталга жайгаштыруу);

• Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну пландоо.

Тренингди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери Базакеева Жылдыз Жаманчаевна өткөрдү.

Бул окуу курсуна мамлекеттик мекемелердин 21 адиси катышты.