Даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү үчүн адистештирилген квалификацияны жогорулатуу курсу

2023-жылдын 10-ноябрында КР ФМ Окуу борборунун базасында “2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489  Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартиби, контрактты банктык коштоо, даттанууларды жана айыптарды кароо” темасындагы Даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү үчүн адистештирилген квалификацияны жогорулатуу курсу болуп өттү.

Бул окуу курсунун лекторлору:  

  1. Джунушов Бакыт Аманжанович, КР Финансы министрлигине караштуу МСАДтын мамлекеттик сатып алуулар методологиясы башкармалыгынын бөлүм башчысы;
  2. Турдалиев Сергей Женишбекович, КР ФМ БКнын акча каражаттарын болжолдоо секторунун башчысы;
  3. Осмонкулова Айсулуу Бейшенбековна, КР Финансы министрлигине караштуу МСАДтын даттануулар жана электрондук каталог менен иштөө башкармалыгынын бөлүм башчысы.

 

Сиздерди КР ФМ Окуу борборунун курстарына чакырабыз. Кошумча маалымат үчүн сайттар: www.ucmfk.okmot.kg, www.minfin.kg