КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНУН ОШ ШААРЫНДАГЫ ФИЛИАЛЫНДА 2023-ЖЫЛДЫН 30-ОКТЯБРЫНАН 3-НОЯБРЫНА ЧЕЙИН КЕЗЕКТЕГИ “МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ” ТЕМАСЫНДАГЫ СЕМИНАР ӨТҮП ЖАТАТ.

        Учурда окуу курсунун лекция бөлүгү аяктап, практикалык сабак болуп жатат. Сабактын жүрүшүндө талкуулар болуп, жаңы алган билимдерин,  иштеп жүргөн тажрыйбаларын ортого салышып, өз ара пикир алышууда.

       Сабакты Окуу борборунун тренери Турдубай уулу Эсен  отуп жатат.

       Курсту аяктагандан кийин, тесттен ийгиликтуу өткөн угуучулар сертификатка ээ болушат.