“Мамлекеттик финансыны башкаруунун негиздери” темасындагы окуу курсу

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору 2023-жылдын 23-октябрынан 25-октябрына чейин 43 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин потенциалын жогорулатуу максаты менен, “Мамлекеттик финансыны башкаруунун негиздери” темасындагы окуу курсун уюштурду.

Окуу курсунун негизги максаты – министрликтердин жана водомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин жана мамлекеттик финансыны башкаруу маселеси боюнча маалыматын кеңейтүүнү каалагандардын билимин жогорулатуу.

 

Бул окуу курсунун лекторлору төмөнкүлөр болушту:

Байзакова Нурида Асановна – мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик финансыны башкаруу маселеси боюнча эл аралык уюмдар ишке ашыруучу долбоорлордун эксперти.

  • Базакеева Жылдыз Жаманчаевна -  КРФМ Окуу борборунун окутуучусу, мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт.
  • Борубаева Гулира  Рыскельдиевна - мамлекеттик финансыны башкаруу жана бюджеттин ачык-айкындуулугу боюнча эксперт.
  • Кочконова Анара Маматкасымовна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Салык Сервис” ММ юристи.
  • Нурунбетов Сыймык Балтахунович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы.
  • Чоколова Роза Турдумамбетовна - КРФМ Окуу борборунун окутуучусу, казыналык жол-жоболор методологиясы боюнча эксперт.

 

Сиздерди КРФМ Окуу борборунун окуу курстарына чакырабыз. Кошумча маалыматты  х: www.ucmfk.okmot.kg, www.minfin.kg сайттарынан алууга болот