КР ФМ Окуу борборунда 100 академиялык саат көлөмүндө “Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы боюнча окуу курсу” деген темада тренинг өткөрүлүүдө.

2023-жылдын 23-октябрынан 11-ноябрына чейин мамлекеттик органдарда ички аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына финансылык көзөмөлдү күчөтүү жана ички аудиторлордун кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 100 академиялык саат көлөмүндө “Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы боюнча окуу курсу” деген темада тренинг өткөрүлүүдө. Окуу процесси  гибриддик форматта (офлайн/онлайн) жүргүзүлүп, окуу процессинде төмөнкү темалар каралып жатат:

• Бюджеттик процесс;

• Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу;

• Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;

• Мыйзамдык база, ички аудиттин функциялары. Кесиптик практиканын эл аралык негиздери;

• Ички аудиттин стратегиялык жана оперативдүү ролу. Тобокелдиктер жана ички контроль. FUC компоненттери;

• Ички аудиттин этикалык стандарттары. Ички аудит стандарттары. Аудиттин түрлөрү;

• Ички аудитти жүргүзүүнүн ыкмалары жанатехникасы. Тобокелдикке негизделген ИА стратегиялык жылдык планын иштеп чыгуу;

• Аудиттик тапшырманы пландаштыруу. Аудиттик тапшырманы аткаруу. Ички аудитти башкаруу;

• Документтер/Жумуш кагаздары. Аудитордук далилдердин актуалдуулугун, жетиштүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн баалоо. Жыйынтыктарды билдирүү;

• Аудитордук тапшырманын аткарылышын контролдоо. Аудитордук тапшырманын натыйжаларына мониторинг жүргүзүү. Алдамчылык тобокелдиктери жана ага байланыштуу контролдоо процедуралары;

• Ички баалоо. Тышкы баалоо.

Тренингди Окуу борборунун преподавательдери: Чоколова Роза Турдумамбетовна, Базакеева Жылдыз Жаманчаевна, Асаналиева Кундуз Бекташовна жана Кочконова Анара Маматкасымовна өткөрүшүүдө.

Окууга 26 адам катышууда.