КР ФМ Окуу борборунда министрликтердин жана ведомстволордун ички аудиторлору үчүн "Ички аудитордун квалификациялык сертификатын тастыктоо үчүн окуу урсу" деген темада тренинг өткөрүлүүдө.

2023-жылдын 20-октябрынан 26-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда министрликтердин жана ведомстволордун ички аудиторлору үчүн "Ички аудитордун квалификациялык сертификатын тастыктоо үчүн окуу курсу" деген темада төмөнкү темаларды ичине камтыган гибриддик форматтагы (офлайн/онлайн) тренинг өткөрүлүүдө:

  • Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;
  • Ички аудиттин стандарттары: Аудитордук тапшырманы пландаштыруу. Тапшырманы аткаруу. Жыйынтыктарды маалымдоо. Аудиттин жыйынтыгы боюнча иш-аракеттерге байкоо жүргүзүү. Ички аудит объектисинин жетекчиси кабыл алган тобокелдикти кароо;
  • Ички контроль;
  • Мамлекеттик кызматкердин этикасы;
  • Мамлекеттик сатып алуулар. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр.

Тренингди КР ФМ Окуу борборунун окутуучулары Асаналиева Кундуз Бекташовна жана Кочконова Анара Маматкасымовна өткөрүп жатышат.

Бул тренингге 41 киши катышууда.