М.Рыскулбеков атындагы КЭУ Илим изилдөө университетинин 70 жылдыгына арналган тегерек столго КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун жетекчиси жана кызматкерлери катышышты.

2023-жылдын 20-октябрында КЭУ Илим изилдөө университетинин Кичи жыйындар залында «Кыргыз Республикасындагы террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагындагы мамлекеттик саясат» деген темада М.Рыскулбеков атындагы КЭУ Илим изилдөө университетинин 70 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын төмөнкүдөй өкүлдөрү катышты: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Министрлер Кабинетинин; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Бишкек шаардык прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясынын, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун өкүлдөрү жана М.Рыскулбеков атындагы КЭУ Илим изилдөө университетинин аспиранттары, окутуучулары, магистранттары.

Бул тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Турдумамбетова Эрке Дөөлөтбековна сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетинин ортосундагы кызматташуунун төмөнкү багыттары тууралуу айтып берди:

- иш-чараларга (тегерек столдор, илимий конференциялар, семинарлар ж.б.) эки тараптуу катышуу;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ачык эшиктер күнүнө КЭУнун студенттерин жыл сайын чакыруу;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда жыл сайын Кыргыз Экономикалык университетинин студенттерин өндүрүштүк жана дипломго чейинки практикадан өткөрүү;

- КЭУнун Улуттук изилдөө университетинин студенттери үчүн конок лекцияларын (2018-жылдан баштап) өткөрүү;

- КЭУнун Улуттук изилдөө университетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн тренингдерди жана квалификациясын жогорулатуучу окуу курстарын өткөрүү;

 

Эрке Дөөлөтбековна келечек муунду даярдоодо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетинин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана эмгек жамаатын жана жетекчилигин 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, ийгиликтерди жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалаган тилектерин айтты.