2023-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Жалал-Абад шаарында

2023-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Жалал-Абад шаарында “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасы боюнча базалык окуу курсу өткөрүлдү.

Окутуунун негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн  жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда Мамлекеттик сатып алууну жөнгө салуучу иштеп жаткан мыйзамдар боюнча системдүү жана актуалдуу билимдерге ээ кылуу жана  аны колдонуу практикасын камсыз кылуу болуп саналат.  Окуу курсу максатына жетти.

Бул окуу курсун Окуу борборунун окутуучулары Абдыкаров Толубай Абдыкадырович жана Турдубай уулу Эсен өткөрүштү.