КР Финансы министрлигинин Окуу борбору Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин Илим изилдөө финансылык институту (мындан ары - ИИФИ) менен биргеликте

КР Финансы министрлигинин Окуу борбору Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин Илим изилдөө финансылык институту (мындан ары - ИИФИ) менен биргеликте “Чет элдик инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин өнүктүрүү кызыкчылыгындагы Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын изилдөө” темасында  семинар өткөрүштү.

2023-жылдын 17-октябрында КР Финансы министрлигинин Кичи жыйындар залында ИИФИнин эксперттери чет элдик инвестицияларды тартуу кызыкчылыгында Кыргызстанда МЖӨнү укуктук жөнгө салууну өнүктүрүү үчүн инструменттерди сунушташты.

Жолугушуунун модератору эки тараптуу Программанын эксперти, ИИФИнин Тармактык экономика борборунун жетекчиси Инна Рыкова болду.

Инна Рыкова Программанын эксперти Макар Куделич менен биргеликте Кыргызстандын Финансы министрлигиндеги кесиптештерине инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду баалоо боюнча Россия Федерациясынын тажрыйбасы тууралуу айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоонун негизинде, алар чет элдик инвестицияларды тартуу кызыкчылыгында Кыргызстанда МЖӨ укуктук жөнгө салууну өнүктүрүү үчүн инструменттерди сунушташты.

КР Финансы министрлиги тарабынан МЖӨ долбоорлорун башкаруу бөлүмүнүн башчысы Султанова Жибек жана МЖӨ секторунун башчысы Эрмеков Бекзат,ошондой эле семинарда МЖӨ борборунун төрт өкүлү семинарагы талкуунун активдүү катышуучулары болушту. МЖӨ директорунун орун басары Данилбеков Улан Кыргыз Республикасындагы МЖӨ долбоорлорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Семинардын аягында тараптар Кыргыз Республикасында инвестициялык ишмердүүлүктү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууну жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча биргелешкен ишти улантуу жөнүндө макулдашышты.