2023-ЖЫЛДЫН 16-ОКТЯБРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КИЧИ ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫНДА ДЕМИЛГЕЛЕП БЮДЖЕТТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

2023-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кичи жыйындар залында “Кыргыз Республикасындагы демилгелеп бюджеттештирүү методологиясынын негизинде жарандардын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу” багыты боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин эки тараптуу кызматташуу Программасынын алкагында семинар болуп өттү.

Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ИИФИ тарабынан баяндамачылары:

  • Демилгелеп бюджеттештирүү борборунун жетекчиси, Программанын эксперти, филос.и.к. Вагин Владимир Владимирович;
  • Демилгелеп бюджеттештирүү борборунун эксперти, Программанын эксперти Титов Эдуард Александрович;
  • Демилгелеп бюджеттештирүү борборунун илимий кызматкери, Программанын эксперти Кураколов Михаил Владимирович.

Семинардын жүрүшүндө эки тараптын катышуучулары ар бир слайдды кызуу талкуулашты. Аймактык башкармалыктын жетекчилери онлайн режиминде катышып, өз пикирлерин билдиришти.