2023-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелерин болжолдоого карата мамилени өркүндөтүү» багыты боюнча

2023-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелерин болжолдоого карата мамилени өркүндөтүү»  багыты боюнча пайдалуу жана кызыктуу семинар  болуп өттү.

Россия Федерациясынын өкүлдөрү - Макроэкономикалык изилдөө борборунун «Кирешелерди болжолдоо» багыты боюнча жетекчиси, Программанын эксперти, э.и.к. Судаков Сергей Сергеевич, Макроэкономикалык изилдөө борборунун улуу илимий кызматкери, Программанын эксперти, э.и.к. Пильник Николай Петрович жана Макроэкономикалык изилдөө борборунун илимий кызматкери, Программанын эксперти Овчинников Вячеслав Николаевич баяндама окушуп, презентация жасашып, россиядагы тажрыйбалар менен бөлүштү.

Семинардын жыйынтыгында Кыргызстан жана Россия тараптагылар бул багыт боюнча Программанын алкагында андан аркы иштердин планын талкуулашты.