Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда "Ички аудитордун квалификациялык сертификатын тастыктоо үчүн окуу курсу" деген темада онлайн форматында тренинг өткөрүлүүдө:

 

2023-жылдын 2-октябрынан 6-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда министрликтердин жана ведомстволордун ички аудиторлору үчүн "Ички аудитордун квалификациялык сертификатын тастыктоо үчүн окуу курсу" деген темада төмөнкү темаларды ичине камтыган онлайн форматтагы тренинг өткөрүлүүдө:

  • Ички контроль;
  • Мамлекеттик кызматкердин этикасы;
  • Ички аудиттин стандарттары: Аудитордук тапшырманы пландаштыруу. Тапшырманы аткаруу. Жыйынтыктарды маалымдоо. Аудиттин жыйынтыгы боюнча иш-аракеттерге байкоо жүргүзүү. Ички аудит объектисинин жетекчиси кабыл алган тобокелдикти кароо;
  • Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;
  • Мамлекеттик сатып алуулар. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр.

Тренингди КР ФМ Окуу борборунун окутуучулары:  ички аудит жана финансылык отчеттуулук боюнча эксперт Асаналиева Кундуз Бекташовна жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы эксперт Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна өткөрүп жатышат.

Бул тренингге 41 киши катышууда.