КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун жетекчилиги Россия Федерациясындагы Ири Евразиялык өнөктөштүгүнүн Билим берүү форумуна катышты.

2023-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин  Москва шаарында (РФ) Россия Федерациясынын ЕАЭБ органдарында төрагалыгына арналган, Улуттук изилдөө университетинин “Экономиканын жогорку мектеби” (мындан ары – УИУ ЭЖМ) тарабынан уюштурулган Эл аралык өнөктөштүк жумалыгынын алкагында Форум өткөрүлдү. Бул форум катышуучулардын  билим берүү, илим жана технология жаатындагы стратегияларын жана демилгелерин айкалыштырууга багытталган. Бул иш-чарага 23 өлкөнүн жана 40тан ашуун илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты. КР ФМ Окуу борборунан: директор Эрке Турдумамбетова, окуу бөлүмүнүн башчысы Валентина Голубева жана башкы адис Гулира Нагаева катышышты.

Форумда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Э. Д. Турдумамбетова  "Кошумча кесиптик билим берүүдөгү өнөктөштүк: түшүнүүдөн ишке ашырууга карай" темасындагы баяндама жасады.