КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ БИШКЕК ШААРЫНДА «ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕРДИ ТҮЗҮҮ ЖАНА АТКАРУУ» ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРДҮ

2023-жылдын 21-сентябрынан 22-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору (мындан ары – Окуу борбору) «Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу» темасындагы 2 күндүк окуу курсун Бишкек шаарында өткөрдү.  

Бул окуу курсуна Кыргыз Республикасынын Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал, Өзгөн жана Сузак райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле жеке жактар катышты.

            Окуу курсунун окутуучулары Кыргыз Республикасынын Финансы минстрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын Жергиликтүү бюджеттер боюнча отчеттор жана  мониторинг бөлүмүнүн башчысы Додонов Марат Маматович, бюджеттер аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандаров Давлатбек Нармаматович жана экономика илимдеринин доктору Тюлюндиева Назира Манатовна угуучуларга «Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу» темасы боюнча иш жүзүндө абдан керектүү болгон билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандырышты.

            Окуу курсу бүткөндөн кийин, кызматкерлерге Сертификаттар берилди, ал эми  жыйынтыктоочу бөлүгүндө алар окутуучуларга жана Окуу борборунун кызматкерлерине ыраазычылыктарын, каалоо-тилектерин, алкыш сөздөрүн айтышты.