«Тандоо» электрондук каталогу жана сатып алуучулар үчүн электрондук каталогду администрлөө» темасындагы адистештирилген курс офлайн форматында өткөрүлүүдө

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында, 2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда  «Тандоо» электрондук каталогу жана сатып алуучулар үчүн электрондук каталогду администрлөө» темасындагы адистештирилген курс офлайн форматында өткөрүлүүдө. Аталган курс, төмөнкү темаларды камтыйт:

  • Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы мыйзамдар. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги No 27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы, ж.б.;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларыны: товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук каталогу;
  • Тандоонун башкы барагы. Сатып алуучунун жеке кабинети. Кулактандыруулар. Кулактандырууларды иштеп чыгуу жана жарыялоо;
  • Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо. Чечимдер. Контракттар.

Тренингди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери Шакитов Айбек Сагынбекович өткөрүүдө.

Бул окуу курсуна  12 адам катышууда.