БИШКЕК ШААРЫНДА ”ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕРДИ ТҮЗҮҮ ЖАНА АТКАРУУ” ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУ 2023-ЖЫЛДЫН 21-СЕНТЯБРЫНАН 22-СЕНТЯБРЫНА ЧЕЙИН ӨТӨТ

«Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу» темасындагы окуу курсу жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчыларына,  КРФМ аймактык башкармалыктарына, райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрүнө багытталат.

Окутуу Бишкек шаарына 2023-жылдын 21-сентябрынан 22-сентябрына чейин пландалган          

Окуу курсунун узактыгы: 2 күн, 16 академиялык с., саат 9:00​дөн 16:30га чейин.

Окуу курсунун жыйынтыгы менен сертификат берилет.

Окуу курсуна катышуу үчүн уюмдун расмий фирмалык бланкына жазылган  өтүнүч катын СЭД  аркылуу же  nurila.osmonova.65@mail.ru, электрондук почтасына жөнөтүү керек.

Кошумча маалыматты окуу курсунун кураторунан алууга болот.

Окуу курсунун жетекчиси: Окуу борборунун жетектөөчү адиси Осмонова Нурийла Маматаевна +996 (0997) 97 38 40, жум: 0312 62 58 45.

Бул окуу курсунун максаты – Окуу курсунун угуучуларына Бюджеттик мамилелердин жаңы системасы шартындагы финансылык органдардын милдеттери, Бюджеттик Кодекс,  “«Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана отчеттуулукту аткаруу» маалыматтык системасы, Бюджеттер аралык трансферттер, Бюджеттер аралык мамилелердин өнүгүү концепциялары, Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу тууралуу отчетторду түзүү тартиби,   Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жергиликтүү коомдун катышуусу, Жергиликтүү бюджеттин социалдык чыгымдары ж.б. тууралуу маалымат берүү.