2023-жылдын 18-22-сентябрына. Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Казарман айылында "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында жерине барып окутуучу (көчмө) окуу курсу өтүүдө

2023-жылдын 18-сентябрынан 22-сентябрына чейин. КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында жерине барып окутуучу (көчмө) окуу курсу өтүүдө.

Окуунун жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын негизги жоболору, электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби менен таанышып жатышат.

Окуу курсун өткөрүү үчүн Бишкек шаарынан Окуу борборунун окутуучусу, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө чоң практикалык тажрыйбасы бар  Нурсултан Шаршеев жөнөтүлгөн.