КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!!!

2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору «Тандоо электрондук каталогу жана сатып алуучулар үчүн электрондук каталогду администрлөө» темасындагы адистештирилген курсту өткөрүүнү пландаштырууда.

Бул курс сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерин сатып алууларды жүргүзүүдө Тандоо электрондук каталогун колдонууга үйрөтүүгө багытталган. Электрондук каталог - бул электрондук соода аянтчасы, анда берүүчүлөр учурдагы бааларды көрсөтүү менен стандарттуу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн  тизмелерин сунушташат. Сатып алуучу уюмдар сатып алуу методуна жараша товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук каталог аркылуу сатып ала алышат.

 

Курстун узактыгы: 1 күн, 8 академиялык саат, саат 09:00дөн 16:30га чейин,

окуунун акысы – 1600 сом.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыштарга кайрылсаңыздар болот:

тел.: 0555 222 918, 0555222958 (вотсап), электрондук почта: ucmfkr@gmail.com.