2023 - жылдын 11–сентябрынан 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Кербен шаарында "Бюджеттик мекемелер үчүн 1С:

2023 - жылдын 11–сентябрынан 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Кербен шаарында Аксы районунун бюджеттик мекемелеринин жана уюмдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары жана бухгалтерлери үчүн "Бюджеттик мекемелер үчүн 1С: Бухгалтерия" темасындагы окуу курсу уюштурулуп өткөрүлдү.  Бул окуу курсуна жалпысынан 18 адам катышып, билимдерин жогорулатышты.

Курстун негизги максаты - "1С: Бухгалтерия" программасын колдонуучуларга  бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү технологиясынын негизги принциптерин тааныштыруу.

Окутуу программасында төмөнкүлөр каралган: Кассалык операцияларды эсепке алуу; Негизги каражаттарды эсепке алуу; Эмгек акыны эсептөө жана кармап калуу; Аванстык отчет, Товардык-материалдык запастарды эсепке алуу; Инвентаризация; Банктык операцияларды эсепке алуу ж.б.

Окуу курсунун аягында угуучулар бул керектүү билимди жана маалыматтарды жеткиликтүү бергендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун окутуучусу Сабиров Музаффар Тахировичке терең ыраазычылык билдиришти.