2023-жылдын 11-сентябрынан 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан

2023-жылдын 11-сентябрынан 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Баткен облусунун Баткен шаарында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» базалык курсу уюштурулуп, өткөрүлдү. Окууга 29 адам катышып, анын 21и тесттен ийгиликтүү өтүп, электрондук сертификатка ээ болушту.

Курстун лекторлору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренерлери Турдубай уулу Эсенбек жана Хабибуллина Асия Сайфуддиновна болуп, курстун катышуучуларына мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү негизги теориялык билимдер жана практикалык көндүмдөр менен кылдат тааныштырышты.

Бул окуу курсунун угуучулары Окуу борборунун тренерине аймактардагы мамлекеттик сатып алуулар жаатында кеңири жана мазмундуу маалыматы үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.