Чоң-Алай районунда 2023-жылдын 4-сентябрынан 8-сентябрына чейин Окуу борбору тарабынан "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы жерине барып окутуучу (көчмө) окуу курсу өткөрүлдү.

Чоң-Алай районунда 2023-жылдын 4-сентябрынан  8-сентябрына чейин Окуу борбору тарабынан  "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы жерине барып окутуучу (көчмө) окуу курсу өткөрүлдү.

Сатып алуучу уюмдардын адистеринин потенциалын жогорулатуу максатындагы "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы базалык окуу курсу Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында уюштуруп, өткөрүлдү. Окуу курсу сатып алууларды ишке ашыруу боюнча башталгыч жана тажрыйбалуу адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Бул окуу курсунун максаты: мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жөнгө салууда колдонуучу мыйзамдарды окутуу, бул багыттагы азыркы учурда актуалдуу болгон билимдерге ээ кылуу жана сатып алууларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Окуу курсунун жүрүшүндө угуучулар теориялык алган билимдерин практикада кантип колдонуу керек экендигин иш жүзүндө өздөрү аткарып көрүштү. Окуу аяктагандан кийин, тестирлөөдөн өткөн угуучуларга сертификаттар тапшырылды.