Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн 40 өкүлү “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун башкаруу” окуу курсу боюнча сертификаттарды алышты.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

КРФМ Окуу борборунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык секторлорунун жана бизнес өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу максаты менен, 2023-жылдын 14-15-августтаМамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун башкаруу темасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча эки күндүк (16 ак.с.) окуу курсу болуп өттү. 

Курстун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген айыл өкмөттөрдүн 40 өкүлү жер-жерлерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча зарыл билимдерди жана көндүмдөрдү алышты

Бул курстун лектор-эксперти Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун  МЖӨ долбоорлорун даярдоо бөлүмүнүн улук эксперти Э.Ж. Касымов болду.