Чек алыңыз жана белек утуп алыңыз!

Урматтуу окуу курсунун угуучулары, кассалык чек талап кылыңыз.

Салык кызматынын лотереясына катышып, мүмкүнчүлүктү коё бербей баалуу белектерди утуп алыңыздар.  

25-30 декабрда лотереянын экинчи этабы өткөрүлөт, анда  1244 белек ойнотулат, анын ичинен Бишкек шаарынан 10 батир (квартира), 11 электромобиль, 4 чет өлкөгө жолдомо,  521 даана iPhone14, 519 даана смартфон, 158 ноутбук жана  21 фен Dyson лотерея утуштарына коюлган.   

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" Тиркемесин (Приложениесин) жүктөп алуу жана каттоодон өтүү керек. Ар бир товар же кызмат көрсөтүү сатып алганда,  фиксалдык модулу  менен ККМ чек талап кылыңыз, аны тиркемедеги сканерден өткөрүңүз.

Кассалык чектерди талап кылыңыз, ID-номерлерди топтоңуз жана утушка катышыңыз.