2023–жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин

2023–жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк куралдарын өнүктүрүүгө  карата чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн, Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын изилдөө" багыты боюнча семинар болуп өттү.

Семинардын алкагында РФ өкүлдөрү, э.и.д. Рыкова Инна Николаевна жана Куделич Макар Игоревич, презентация менен баяндама жасашты жана инвестициялык, инфраструктуралык долбоорлорду баалоонун россиялык тажрыйбасы менен бөлүшүштү жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн, МЖӨнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты, мамлекеттик–жеке өнөктөштүк долбоорлоруна мамлекеттин катышуусунун жаңы формаларын сунушташты.

Семинарда КР Финансы министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте РФнын башка спикерлери да болушту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Данилбеков Улан Данилбекович жана МЖӨ долбоорлорун тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн башчысы Джангелдиев Каратай Энсович катышышты.