Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволордун 37 кызматкери "Программалык бюджеттөө" окуу курсу боюнча сертификаттарды алышты

2023-жылдын 26-июнунан 29-июнуна чейин КР ФМ Окуу борборунун базасында "Программалык бюджеттөө" темасында үч күндүк окуу курсу (24 ак.саат) болуп өттү.

Бул окуу курстунун лектору программалык бюджеттөө жана мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча эксперт – консультант  Н.А. Байзакова болду.

Курстун негизги максаты-программалык негизде бюджеттерди түзүү, аткаруу, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук процессине системалуу мамилени камсыз кылуу.

Окуу курсунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволордун 37 кызматкери бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы күтүлүүчү жана акыркы натыйжалардын мамлекеттик саясаттагы жана коомдогу маанисин эске алуу менен, стратегиялык максаттарга ылайык иштелип чыгуучу программаларды ишке ашыруу үчүн, программалык бюджеттөө боюнча керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү алышты.

Сиздерди КР ФМ Окуу борборунун курстарына чакырабыз. Кошумча маалымат үчүн сайттар: www.ucmfk.okmot.kg, www.minfin.kg