2023–жылдын 4-августунда КР ФМ Окуу борбору КР ФМ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (мындан ары-МСАД) менен бирдикте "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу"

2023–жылдын 4-августунда КР ФМ Окуу борбору КР ФМ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (мындан ары-МСАД) менен бирдикте "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы окуу курсунун окутуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы №147 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын презентациясы өткөрүлдү.

Негизги спикер КР финансы министринин орун басары У.И. Календеров болду.

Андан аркы презентациянын улантуучулары:

 –    Сабиров О.К., КР ФМ караштуу МСАДнин директорунун орун басары;

 – Джунушов Б.А., КР ФМ караштуу МСАДнин Мамлекеттик сатып алуулар методологиясы бөлүмүнүн башчысы.

Киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулоо гибриддик форматта өттү, ага КР ФМ Окуу борборунун окутуучуларынан жана КР ФМ кызматкерлеринен 35 киши катышты (анын ичинен 10 киши онлайн түрүндө катышты).

Бардык түзөтүүлөр окуу модулдарына киргизиле турган болду.

КР ФМ Окуу борборунун угуучуларын 2023-жылдын 7-августунда күтөбүз.