2023-жылдын 19-июнунан 23-июнуна чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Талас шаарында "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында окуу курсу уюштурулду.

2023-жылдын 19-июнунан 23-июнуна чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Талас шаарында "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында окуу курсу уюштурулду.
Бул окуу курсуна Талас шаарынын мэриясынын, 2 айыл өкмөтүнүн, жогорку окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле ишкердик менен алектенген жеке адамдар катышышты.
Окуу курсу 5 күнгө созулду, лекциялык сабактан кийин, акыркы эки күндө угуучулар теориялык алган билимдерин бекемдешти, кулактандырууларды кантип туура жарыялоо, сатып алуулар планын түзүү, баалардын мониторингин жүргүзүү, сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүү ж.б. боюнча керектүү жөндөмдүүлуктөргө ээ болушту.  
Практикалык сабакта группа 4 чакан топко 5 адамдан бөлүндү. Ар бир топ товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча берилген тапшырманы аткарды: Тесттик порталда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Мыйзамында белгиленген жол-жоболорду жана критерийлерди колдонуу менен сатып алуу жөнүндө документтерди электрондук форматта иштеп чыгышты.
Окуунун акыркы күнүндө угуучулар товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча өз тапшырмаларын презентациялашты. Кетирилген каталар окуу курсунун окутуучусу Ж. А. Кадоева тарабынан оңдолуп, аткарылган иштер боюнча комментарийлер берилди. 
Окуу курсунун катышуучулары бул окуу курсун өткөргөндүгү үчүн окутуучу Ж. Кадоевага, ошондой эле уюштургандыгы үчүн М.Токтобековага жакшы каалоо-тилектери менен ыраазычылыктарын билдиришти.