2023-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда «Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» темасында тренинг өткөрүлдү.

2023-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда «Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» темасында тренинг өткөрүлдү.
      Мамлекеттик сатып алуулар системасынын катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу максатында 2023-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлери үчүн 24 академиялык саат көлөмүндө борборунда «Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» темасында тренинг өткөрүлдү. Тренинг офлайн форматта жүргүзүлүп, окуу процессинин жүрүшүндө төмөнкү темалар каралды:
• Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун өзгөчөлүктөрү
• Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу алуунун ыкмалары
•Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу алуунун жол-жоболору
• Техникалык тапшырмаларды жана чыгымдардын сметасын даярдоо
• Сатып алуу документтеринин мазмуну жана жарыяны жарыялоо
• Сунуштарды баалоо
• Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишим түзүү
• Техникалык тапшырманы жана чыгымдардын сметасын иштеп чыгуу боюнча практикалык тапшырма.

Тренингди Окуу борборунун тренери, мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы эксперт Базакеева Жылдыз Жаманчаевна өткөрдү. Окууг курсуна 16 адам катышты.