КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРИНИН ФИНАНСИСТЕРИН ЖАНА БУХГАЛТЕРЛЕРИН  ОКУТУУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРИНИН ФИНАНСИСТЕРИН ЖАНА БУХГАЛТЕРЛЕРИН  ОКУТУУ 

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Финансы минстрлигинин Окуу борбору төмөнкү темаларда 7 курс өткөрдү. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик мекемелеринин 80 финанси жана бухгалтери үчүн «1С Бухгалтерия 8.3.» курсу окутулду:

- Чуйской областы (40 киши);

- Жалал-Абад областы (14 киши);

- Ош областы (17 киши);

- Баткен областы (9 киши);

Курстун угуучулары программанын негизги түшүнүктөрүн жана маалыматтык базанын алгачкы толтурулушун, киреше жана чыгаша сметасынын аткарылышын эсептөөнү, кассалык операцияларды эсептөөнү, корлордун товароматериалдык эсебин, номенклатураны катоо эсебин, уюмдун кызматкерлеринин эмгек акысынын эсебин, эмгек аксын эсептешүүнү жолго салуу (персонал боюнча эсептик саясат), эмгек акысынын эсептеги чагылдырылышы, эмгек акысы боюнча отчеттуулук ж. б. өздөштүрүштү.  

Окутууну жогорку квалификациялуу окутуучу Абдышева Рахат Турдукуловна өкөрдү. Семинардын аякташы менен угуучуларга сертификат тапшырылды.