2023-жылдын 12-июнунан 16-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы бюджеттик мекемелердин

2023-жылдын 12-июнунан 16-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн начальниктери жана бухгалтерлери үчүн "Бюджеттик уюмдардагы 1С: Бухгалтерия" темасында окуу курсу уюштурулуп өткөрүлдү. Жалпысынан 16 адам окуу курсунан өттү.

Окуу курсунун негизги максаты - "1С: Бухгалтерия" программасын колдонуучуларды бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү технологиясынын негизги принциптери менен тааныштыруу.

Окуу программасында төмөнкүлөр камтылды: кассалык операцияларды эсепке алуу; негизги каражаттарды эсепке алуу; эмгек акыны чегерүү жана кармоо; аванстык отчет, товардык-материалдык запастарды эсепке алуу; Инвентаризация; банктык операцияларды эсепке алуу ж.б.

Окуу бүткөндө, аталган курстун угуучулары абдан керектүү окуу курсун өткөргөндүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун окутуучусу Ширин Токташка чоң ыраазычылык билдиришти.