Жети мамлекеттин өкүлдөрү мамлекеттик сатып алуулар боюнча Бешинчи Эл аралык ачык форумга катышышты

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча эл аралык форумдун аянтчасында АКШ, Улуу Британия, Россия, Грузия, Казакстан жана Өзбекстандан мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы дасыккан адистери сөз сүйлөштү.

Форум гибриддик форматта болуп, 17 баяндама офлайн (күндүзгү), ошондой эле 4 баяндама онлайн түрүндө эл аралык эксперттердин: Барбары Мортон; Мел Алтоверос; Сары Хаер жана Кристен Бауэрдин катышуусунда өттү.  

Катышуучулардын жалпы саны 90 кишини түздү.

Иш чаранын уюштуруучулары: КР Финансы министрлиги, КР Финансы министрлигинин Окуу борбору,  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, «Crown Agents Ltd» компаниясы, Кыргыз Республикасындагы ЮСАИД долбоорунун өкүлчүлүгү болду.