2023-жылдын 8-июнунан 10-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун 45 жылдыгына арналган

2023-жылдын 8-июнунан 10-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун 45 жылдыгына арналган “Заманбап тренддер жана мамлекеттик сатып алуулардын аймактык өнүгүүсү” деген темада Бешинчи Эл аралык ачык форум болуп өттү.

Бешинчи Эл аралык ачык форумдун ачылышына Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары  У.И.Календеров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы

Д.Э.Толонов, Дүйнөлук банктын сатып алуулар боюнча менеджери Саймон Б. Чирва, Кыргыз Республикасындагы ЮСАИД долбоорун башкаруу боюнча адиси Чнара Маматова, «Crown Agents» (Улуу Британия) компаниясынын Орто Азия боюнча аймактык менеджери Л.М.Кокарева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ж.Султанбаева катышышты.

Катышуучулардын жалпы санын дүйнөнүн жети өлкөсүнөн келген 90 киши (офлайн)  жана 9 киши (онлайн) түздү. 

Форумдун жүрүшүндө төмөнкүдөй максаттар ишке ашырылды:

- Туруктуу сатып алуулар боюнча эл аралык тажрыйбалар талданды, аларды укуктук жөнгө салуучу мисалдар каралды;

- Мамлекеттик сатып алуулар системасын профессионалдаштыруу боюнча кесиптик коомчулуктун ортосунда талкуу жүргүзүлдү;

- Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар системасындагы өзгөрүүлөргө жана жаңылыктарга кыскача сереп салынды;

- Туруктуу (жашыл) сатып алууларга артыкчылык берүү актуалдаштырылды;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү кызматкерлердин билимин жана потенциалын жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди ж б. көптөгөн маселелер каралды.

Форум аяктаганда, спикерлердин бардыгына Ыраазычылык каттар тапшырылды, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининин катышуучуларына сертификаттар берилди.