КР ФМ Окуу борборунда 2023-жылдын 22-майынан 7-июнуна чейин 100 академиялык саат көлөмүндө  “Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы  боюнча окуу курсу” өткөрүлдү

КР ФМ Окуу борборунда 2023-жылдын 22-майынан 7-июнуна чейин 100 академиялык саат көлөмүндө  “Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы  боюнча окуу курсу” өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу максатында квалификациялык экзаменге катышууну каалагандар үчүн  2023-жылдын 22-майынан 7-июнуна чейин 100 академиялык саат көлөмүндө  “Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы  боюнча окуу курсу” темасында тренинг өткөрүлдү.

Окуу курсунун программасына бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, ички аудит жана ички контроль жаатындагы темалар камтылды.

Тренингди жогорку квалификациялуу адистер: "Бирдиктүү казыналык эсеп" темасы боюнча онлайн курсту иштеп чыккан Чоколова Роза Турдумамбетовна, мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперт Базакеева Жылдыз Жаманчаевна, аудитор, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук боюнча эксперт Асаналиева Кундуз Бекташовна өткөрүштү. Тренинг гибриддик форматта (окутуунун онлайн жана оффлайн формаларынын элементтерин колдонуу менен) өткөрүлдү.

Окуу курсуна 23 адам катышты.