Ысык-Көлдүн жээгинде “Заманбап тренддер жана мамлекеттик сатып алуулардын аймактык өнүгүүсү” деген темада Эл аралык Бешинчи ачык форумду өткөрүү пландалып жатат

2023-жылдын 8-июнунан 10-июнуна чейин Ысык-Көлдүн жээгинде “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер (2023-2027жж.)” алкагындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун 45 жылдыгына арналган “Заманбап тренддер жана мамлекеттик сатып алуулардын аймактык өнүгүүсү” деген темада Эл аралык Бешинчи ачык форумду өткөрүү пландалып жатат, ага  АКШдан, Улуу Британиядан, Грузиядан, Россиядан, Өзбекстандан жана Казакстандан коноктор катышат.

Форумду өткөрүүнүн максаты: туруктуулуктун принциптерин колдонууда, мамлекеттик сатып алуулар системасын башкарууга, мамлекеттик сатып алуулар системасынын ролун аймактарда өнүктүрүүгө жана мамлекеттин башка приоритеттүү маселелерин чечүүгө жардам берүү үчүн заманбап тенденцияларды талкуулоого ачык талкуу аянтчасын түзүү.

 

Иш-чаранын демилгечилери жана уюштуруучулары:

 

КР Минансы министрлиги, КР Минансы министрлигинин Окуу борбору, КР Минансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, «Crown Agents Ltd» компаниясы, Кыргыз Республикасындагы ЮСАИД долбоорунун өкүлчүлүгү.